Кошмо Штаттары Түштүк Кореядагы аскерлеринин бир бөлүгүн чыгарышы мүмкүн. Бул тууралуу “Нью Йорк Таймс” басылмасы өз булактарына таянып жазды. Анын маалыматына караганда, АКШ президенти Дональд Трамп Коргоо министрлигине аймактагы аскерлердин санын кыскартууну карап көрүүнү тапшырган.
“Нью Йорк Таймс” басылмасынын жазышынча, учурда Түштүк Кореяда 28 миң америкалык аскер бар.
“Блумберг” Түштүк Кореянын бийликтери Вашингтондун аскерлеринин санын кыскартуу планы тууралуу маалыматты тастыктаган жок деп жазды.
Март айынын башынча АКШ президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын жолугушуусуна даярдык башталган.
27-апрелде Түштүк Корея менен Түндүк Кореянын президенттеринин тарыхый жолугушуусу өткөн. Анда тараптар тынчтык келишимин түзүү жана Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу ниеттерин айтышкан.
2-майда Сеул Пхеньян менен тынчтык келишими түзүлгөн күндө да америкалык аскерлер Түштүк Кореяда калышы керек деп билдирди.