Тажикстан бийлиги борбор шаарда Жылуулук электр борборун курган кытайлык ТВЕА компаниясына дагы бир нече алтын кендерин берүүгө даяр. Ушул тапта Кытайдан келген ишканалар Тажикстандагы жети алтын кенин иштетүүгө укуктуу. Тажикстандык айрым адистер ТВЕА менен келишим эң башынан эле өлкө кызыкчылыгына каршы түзүлгөнүн айтышат. TBEA Бишкек ЖЭБин оңдоого да катышкан.