АКШнын жаңы мамлекеттик катчысы Майк Помпео ишин чү дегенде эле чет өлкөдөгү сапарынан баштады. Ал НАТОдогу жыйындан кийин Жакынкы Чыгыштагы өнөктөш өлкөлөргө сапар тартат. Анда дүйнөнүн көңүлүн буруп жаткан актуалдуу Сирия, Орусия, Иранга байланыштуу маселелер талкуулана турган болууда.