Хейли: Сирия өкмөтү 7 жылда 50 жолу химиялык курал колдонгон
"АКШ жана биздин өнөктөштөрүбүз Сирияда чара көрүүнү чечишсе, ал биз баарыбыз макул болгон принциптерди коргоого багытталмакчы",-деди Хейли.
Андан мурда Орусиянын БУУдагы элчиси Василий Небензя "АКШ, Британия жана Франция Сириянын президенти Башар Асадды бийликтен кетирүүгө жана Москванын мүмкүнчүлүктөрүн чектөөгө белсенип турат" деп айткан. Ал Сирияга багытталган чабуул глобалдык коопсуздук үчүн оор кесепеттерге алып келерин кошумчалаган.
Коопсуздук кеңешинин чукул жыйыны АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү Дамасктын четиндеги 7-апрелдеги болжолдуу химиялык чабуулга жооп иретинде Сирияга аскерий чара көрүүнү караштырып жаткан учурда Орусиянын өтүнүчү менен өтүп жатат.
Дамаск менен Москва Дума аймагында химиялык чабуул болбогонун айтып келет.