Евробиримдиктин элчиси Москвага кайтып барды
Ал Москвага 12-апрелде кайтып барганын Евробиримдиктин басма сөз катчысы Мая Косиянчич "Азаттыкка" билдирди.
Орусиялык мурдагы чалгын офицери Сергей Скрипал менен анын кызы Юлиянын 4-мартта ууландырылганы үчүн расмий Лондон Москваны айыптаган жана "аларды ууландырууда адамдын нервин шал кылган “Новичок” деген уу зат колдонулган" деген бүтүмгө келген.
Москва Лондондун билдирүүсүн “далили жок” деп четке каккан. Буга жооп чара катары Британия АКШ жана Евробиримдикке мүчө өлкөлөр 150дөн ашык орус дипломаттарын өз аймактарынан чыгарган.
Апта башында Юлия Скрипал ооруканадан чыкканы, атасынын абалы да жакшырып бара жатканы белгилүү болду.