ЧЛ: "Реал Мадрид" менен "Бавария" жарым финалда беттешет
Чемпиондор лигасынын 63 жылдык тарыхында "Реал Мадрид" менен "Бавария" 7-жолу жарым финалда беттешкени турушат. Бул эки команда бир да жолу бири-бирине каршы финалда ойношо элек.
"Ливерпуль" менен "Рома" 1984-жылы финалда беттешип, англис командасы италиялык футболчуларды өз үйүндө утуп кеткен.
Жарым финалдын биринчи айлампасы 24-25-апрелде, экинчиси 1-2-майда болот.
Чемпиондор лигасынын финалы болсо 26-майда Киевдеги "Олимпийский" стадионунда өтөт.
Соңку эки жылдан бери "Реал Мадрид" чемпиондукту бербей келатат.