Кыргызстандык журналист Шахрух Саипов Түркияга киргизилген жок
“Паспорт көзөмөлүнөн өтүп жатканда чек ара кызматкерлери жана түрк полициясы менин Түркия аймагына кирүүмө ушул жылдын январь айынан баштап Анкара тарабынан чектөө киргизилгенин айтышты. Мен таң калып, эмне үчүн деп сурасам, "себебин так айта албайбыз" дешти”, - деди Саипов.
Чек ара кызматкерлери Саиповго аны өлкөгө киргизбөөгө негиз берген документти көрсөтүшкөн. Ал баракта “Түркияга кирүүгө тыюу салынган” деген гана жүйө келтирилген.
Шахрух Саипов эки жыл мурда Түркияда жашап кеткенин, буга чейин бул өлкө жөнүндө деле макала жазбаганын, эмне себептен өлкөгө киргизилбей калганын айта албай турганын кошумчалады. Бул боюнча Түркиянын тиешелүү бийлик өкүлдөрү менен байланышууга азырынча мүмкүн боло элек.
Шахрух (Шохрух) Саипов Би-Би-Синин өзбек кызматы жана “Фергана” басылмасы менен кызматташып жүрөт. Ал 2007-жылы Ош шаарында атып өлтүрүлгөн кыргызстандык журналист Алишер Саиповдун бир тууган иниси.