БУУнун Коопсуздук кеңеши Сирия маселесин карай баштады
Коопсуздук кеңешинин чукул жыйыны АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү Дамасктын четиндеги болжолдуу химиялык чабуулга жооп иретинде Сирияга аскерий чара көрүүнү караштырып жаткан учурда өтүп жатат.
Буга чейин Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Сирияга сокку урулушу мүмкүндүгүн ишара кылып, "адамдарды газ менен өлтүрүп, андан ырахат алган "айбандар" менен өнөктөш болууга мүмкүн эмес" деп Москваны сындаган.
Дамаск менен Москва Дума аймагында химиялык чабуул болбогонун айтып жатат. Сирияда Чыгыш Гута аймагынын козголоңчулар колундагы Дума шаарчасында 7-апрелде хлор газы колдонулду делген чабуулдан кеминде 43 кишинин өмүрү кыйылган.