Жалал-Абадда жыл башынан бери кендерге байланыштуу он акция өттү
Ушул өңүттөгү каршылык жыйындарынын бири 11-апрелде Тогуз-Тородо болду. Жүздөгөн адам жыйналып, "Джи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын жаңы салына баштаган имараты, курулушка пайдаланылган техника өрттөлдү. Ал окуя боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат. (RsK)