Президент Аскарбек Шадиевди кызматтан бошотту
Шадиев биринчи вице-премьер-министр кызматынан кетүү жөнүндө арызды 6-апрелде жазган. Ал "Жогорку Кеңеште жоголгон акча боюнча иликтөө акыйкат жана бейтарап жүрүшү үчүн кызматынан кетүүнү туура көргөнүн" билдирген. Шадиев өз кадамын өкмөттүн ишине көлөкө түшүрбөө максаты менен түшүндүргөн.
Мурдараак Аскарбек Шадиев парламентте Чыңгыз Айматов атындагы сыйлыкка парламенттин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалышына байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча атайын кызматка сурак берип чыккан.
Башкы мыйзамдын жоболоруна ылайык, А.Шадиев Жогорку Кеңештеги депутаттык орунун сактап кала берет. (SE)