Өкмөт аппаратынын жаңы жетекчиси жана юстиция министри дайындалды
Өкмөт аппаратынын мурунку жетекчиси Нурханбек Момуналиевди ишиндеги чекилик үчүн кызматтан алуу жөнүндө премьер-министр Сапар Исаков президентке быйыл 12-мартта сунуш киргизген.
Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен Айнур Абдылдаева юстиция министри болуп дайындалды. Муруңку министри Уран Ахметов өз ыктыяры менен апрелдин башында кызматтан кеткен. (SE)