Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Касымалиева: Кытай компаниясы сарптаган акчаны тактоо мүмкүн эмес

Мындай пикирин парламенттин депутаты, Бишкек ЖЭБиндеги аварияны иликтеген депутаттык комиссиянын мүчөсү Аида Касымалиева Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектептин курулушу менен таанышкандан кийин журналисттерге айтты. Анын сөзүнө караганда, Кытайдын ТВЕА компаниясынын Бишкек ЖЭБин модернизациялоого да, мектептин курулушуна да бөлгөн акчасы кайда, эмнеге, кантип сарпталганы тууралуу маалымат алууга мүмкүн эмес, анткени келишим ошондой түзүлгөн. 


- Ушундан улам "Камералардын, мектептин баасы неге кымбат?" деген суроолорго жооп жок. Кытай тарап өзү акчаны берет, жалдануучуларды да өзү тандайт. Техникалык көзөмөлдү да өзү жүргүзөт, бул үчүн алар өздөрүнө 12 миң доллар бөлдүрүп алган. Ал эми Бишкектин Капиталдык курулуш башкармалыгы "биз тараптан да техникалык көзөмөл жүргүзүлдү, адамдарга айлык төлөндү, бизден да акча кетти" деп атпайбы. Бирок Кытай тарап эч кандай маалымат бербей жатат, анткени келишим ошондой түзүлүп калган. Негизги маселе - ушул. "Неге кымбат?" деп сурасаң эле, кыргыз тарап колун жайып, "келишим боюнча Кытай тарап баарын өзү тандайт, сатып алат, жол акысын кошуп эсептеп, өзү алып келген" деп атат. Бул жерден бир эле суроо туулат: келишим түзүлүп жатканда кыргыз тарап кимдин кызыкчылыгын ойлоду?


Бишкек ЖЭБиндеги аварияны иликтеген депутаттык комиссия бүгүн Кытайдын ТВЕА компаниясынын 2 млн. доллар акчасына салынган орто мектептин курулушу менен таанышты. Депутаттык комиссияга Бишкектин Капиталдык курулуш башкармалыгы жана курулушту аягына чыгарган "Айкөл курулуш" ишканасынын жетекчилери маалымат беришти. "Айкөл курулуш" ишканасынын башчысы Сейиткан Алиев мектеп алардын колуна үчүнчү этаптан, болгону 759 миң доллар менен гана тийгенин, мектепти толук аякташ үчүн мэриядан 104 млн. сом кошумча алынганын, андан тышкары ишкана өзү сарптаган 7 млн. сом акча эмгиче карыз боюнча турганын айтып берди.


Калыс-Ордо жаңы конушундагы орто мектептин курулушунда 91 млн. сом акча кымырылган деген жүйө менен Башкы прокуратура былтыр сентябрда кылмыш ишин козгогон. (ErN/ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.


Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus