Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Германия Орусия менен Иранды Асадга басым жасоого чакырды

Немис бийлиги Орусия менен Иранды Сирия өкмөтүнө баш калаа Дамасктын чет жакасында козголоңчулардын колунда турган райондогу “кыргынды” токтотуу үчүн кысым көргөзүүгө үндөдү.


“Гутанын чыгышында ок атышуу токтой турганын Астанада убада кылган Орусия менен Иран кайда?” - деп суроо салды канцлер Ангела Меркелдин басма сөз катчысы Стеффен Сейберт 21-февралда.


Немис өкмөтүнүн өкүлү ошондой эле “Сирия режими бул эки өнөктөшүнүн колдоосу жок бүгүнкүдөй абалда болмок эмес” деп белгиледи.


Бул арада БУУнун Сирия кризиси боюнча аймактык координатору Паноса Мумциса  21-февралда Иорданиядан “Ассошиэйтед пресстин” кабарчысына төмөнкүлөрдү айтты:


- Баррел бомбаларын (курамында түрдүү жарылуучу зат бар) таштоо уланып жатат. Гута Дамасктагы ооруканалардан жарым сааттык жолдо, он алты чакырымдай аралыкта жайгашкан. Жардамга муктаж аялдар, балдар, кары адамдар эч жакка чыга албай жер төлөлөрдө камалып, коркуп жатканын элестеткенде жүрөк сыгылат.


Мунун алдында Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы өкмөттүк күчтөрдүн бул аймакты 18-февралдын кечинен тарта бомбалоосунан кеминде 250 жайкын тургун мерт болуп, 1200дөй киши жараат алганын, өлгөндөрдүн 58и балдар экенин кабарлаган.


Куткаруучулар, байкоочулар, БУУнун өкүлдөрү бомбалоодо ооруканалар, көп кабаттуу үйлөр, базарлар бутага алынып жатканын айтышууда.


БУУ, Кошмо Штаттар, Европа өлкөлөрү, адам укугун коргоочу топтор Сириянын жана Орусиянын тик учактарынын бомбалоосунан жайкын тургундардын массалык түрдө өлүшүн айыптап жатышат.


АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Хизер Нойерт Чыгыш Гутадагы кырдаал үчүн Башар Асаддын режими менен бирге аны колдогон Орусия да жоопкер экенин эскертти.


Москва болсо Чыгыш Гутанын бомбаланышын актап чыкты.


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, “учурдагы макулдашуулар сакталган шартта терроризмге каршы күрөштү эч нерсе менен чектөөгө болбойт”.


Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков жайкын тургундардын өлүмү үчүн Орусия да күнөлүү деген айыптоолорду “негизсиз” деп четке какты.


Чыгыш Гута - Сириянын борбору Дамаскка жакын жайгашкан жана козголоңчулардын колундагы район.


2013-жылдан бери өкмөттүн камалоосунда турган бул аймакта БУУнун эсебинде 400 миңдей киши жашайт. (UE)


 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus