Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Дин комиссиясы: Жалиловдун Нооруз боюнча сөзү мыйзамга каршы келет

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия мурдагы муфтий Чубак Жалиловдун Ноорузду майрамдоодон баш тартуу жөнүндө пикири тууралуу Аалымдар кеңешине билдирүү талабын жөнөттү. Бул тууралуу мамлекеттик комиссиянын басма сөз кызматы кабарлады.


Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Аалымдар кеңешинин башчысы Абдышүкүр Нарматовдун атына жазылган билдирүүдө “Жалиловдун коомчулукта уу-дуу кеп жараткан жана коомду бөлүүгө алып келе турган сөздөрүнө" баа берүү талабы коюлган. Экс-муфтийдин ойлору "моралдык жана этикалык нормаларды бузаары, кээ бир агымдарга жана уюмдарга карата ачык басмырлоо мүнөзүндө" экени айтылат.


Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия өз катында Нооруз Кыргызстандын Эмгек кодексинде мамлекеттик майрам катары расмий бекитилгенин эске салат. Ошондуктан аны майрамдоодон баш тартуу тууралуу чакырык Кыргызстандын Баш мыйзамында бекитилген дүйнөбий принципке каршы келери белгиленди. Комиссиянын билдирүүсүндө “Ноорузду майрамдооон баш тартууга” үгүттөө ошол эле кезде ханафит мазхабынын принциптерине да туура келбей турганы жана ислам динин Кыргызстан элинин салт-санаасына, маданий баалуулуктарына каршы коюу катары бааланары айтылды.


Ал эми Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары Марс Ибраев Дин комиссиясынын билдирүүсү мекемеге келе элек экенин, катты окугандан кийин гана кеңештин мүчөлөрү комментарий берерин айтты. Ибраев ошондой эле Жалиловдун азыр тарап жаткан видеосу мурдагылардын бири болушу мүмкүн экенин айтты.


Экс-муфтий Чубак Жалиловдун Ноорузду майрамдоодон баш тартууга чакырык таштаганы тартылган видео тасма Интернеттеги социалдык түйүндөрдө  14-февралдан бери жарыялана баштаган. Ал боюнча өзү комментарий бере элек. (ErN)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus