ЖК Казакстанда камалган кыргыз депутаты менен жолуктурууну өтүндү
Парламенттин маалымат кызматы бүгүн тараткан маалыматта "Жогорку Кеңеш Асылбек уулу Дамирбектин иши боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана тиешелүү укук коргоо органдары жүргүзүп жаткан иш-аракеттерге дыкаттык менен көз салып турарын билдирет жана буга чейин “Кыргызстан” парламенттик фракциясы тараткан билдирүүгө толугу менен кошулат. Асылбек уулу Дамирбек социалдык-экономикалык маселелерди парламент трибунасынан байма-бай козгоп, жигердүү иш жүргүзгөн депутаттардын бири. Андан тышкары ал күрөш боюнча Кыргызстан жана Казакстан желегинин алдында эл аралык таймаштарга катышып, спорт дүйнөсүнө кеңири таанылган ишмер. Жогорку Кеңеш Казакстанда кармалган кыргыз жарандарынын, анын ичинде депутат Асылбек уулу Дамирбектин иши Казакстандын тиешелүү органдары тарабынан мыйзам чегинде, адам укуктарын сактоо менен жана акыйкат иликтенет деп ишенет" деп айтылат.
Казакстанда кармалган кыргызстандык депутат Дамирбек Асылбек уулу, андан тышкары дагы эки кыргызстандык Уланбек Мурадилов менен Чыңгыз Абакиров 19-февралда эки айга камакка алынган. Алар "ири өлчөмдө аткезчилик кылган жана трансулуттук кылмыш тобуна тиешеси болгон" деп айыпталууда. (RK)