Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Ачкачылык кармагандар боюнча акцияга чыккандар тарады

Абакта ачкачылык кармап жаткан Бектур Асановдун, Кубанычбек Кадыровдун жана Эрнест Карыбековдун тарапташтарынын Жогорку Кеңештин алдындагы нааразылык акциясы түштөн кийин тарады. Бул тууралуу Саясий туткундарды коргоо комитетинин төрагасы Сапар Аргынбаев “Азаттыкка” билдирди.


Акцияга чыккан 20-30 киши бүгүн президенттен жана соттордон аталган саясатчыларга көңүл бурууну, алардын ишин калыс кароону, УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевдин кызматтан кетишин да талап кылышты:


- Биз бүгүн кечке президенттик администрациядан бирөө-жарым чыгышын күтүп турдук. Бирок эч ким чыккан жок. Биздин талап ошол эле - УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаев кызматынан кетсин, бандиттик системаны курганы үчүн мыйзам чегинде жооп берсин. Ал эми абакта ачкачылык жарыялап жаткан саясатчылардын абалы тууралуу көз каранды эмес комиссия түзүп, бизге алардын чыныгы абалы тууралуу маалымат берилишин талап кылып жатабыз.


Аргынбаевдин айтымында, алар эртең 15-февралда саясатчылар кармалып турган абактын алдына чогулушат жана Асановдун, Кадыровдун апаларын, Карыбековдун аялын абакка киргизүүнү талап кылышат. Саясатчылардын жакындары кирип алардан ачкачылык акциясын токтотууну суранышат.


"УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаев кызматтан кетсин" жана "соттор адилет чечим чыгарсын" деген талаптар менен камактагы Бектур Асанов 30-январдан, Карыбеков 31-январдан, Кадыров 1-февралдан бери "кургак ачкачылык" кармай баштаган. Алар "бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деп 2016-жылы камалган. Сот Асанов менен Карыбековду 12 жылга, Кадыровду 20 жылга түрмөгө кескен.


Бектур Асановдун адвокаты анын абалы оорлой баштаганын "Азаттыкка" 13-февралда билдирди. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы абактагы саясатчылар дарыгерлердин көзөмөлүндө, саламаттыгы канааттандырарлык экенин билдирип келет. Кубанычбек Кадыров дүйшөмбүдөн тартып суу иче баштаган. (ErN)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus