Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Жээнбеков: экспорт кылган ишкерлер чек арадан тоскоолдуксуз өтүшү керек

Башка өлкөлөргө өндүрүм экспорттогон Кыргызстандын ишкерлери чек арадан тоскоолдуксуз өтүшү керек. Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-казак чек арасындагы реконструкцияланган “Чалдыбар-Автожол” көзөмөл-өткөрүү пункту менен таанышуу учурунда ушундай пикирин билдирди.


- Биздин өлкөгө келген туристтерди дароо көзөмөл-өткөрүү пункттары тосуп алат жана алгачкы таасирди меймандар дал ушул өткөрүү пункттарынан алышат. Мындан мамлекеттин аброю көз каранды. Ошондой эле өндүрүмүн башка өлкөлөргө экспорттогон биздин ишкерлер чек арадан тоскоолдуксуз өтүшү керек. Туризмди жана экспортту колдоо менен биз жаңы жумуш орундарын түзүп, экономиканы өнүктүрөбүз. Бюджетке түшкөн каражат көбөйөт, - деди Жээнбеков. Ал чек арачыларды өтүп жаткандарга карата меймандос мамиле кылууга чакырды.


Мамлекет башчы чек ара шартын оңдоо иштери Кыргызстандын ЕАЭБге кошулушунун талаптарына ылайык, өлкөнүн инфраструктурасын өнүктүрүүнүн алкагында жасалып жатканын белгиледи. Президент “Чалдыбар” пунктунан тышкары кыргыз-казак чек арасындагы “Токмок-Автожол”, “Кең-Булуң-Автожол”, “Ак-Тилек-Автожол” көзөмөл пункттары реконструкциядан өткөнүн эске салып, эмки планда «Ак-Жол» пунктун реконструкциялоо экенин айтты.


Сооронбай Жээнбеков ошондой эле жүк ташуучу унаалардын 10 мүнөткө чейин текшерилгенине көңүл буруп, бул убакытты кыскартып, өтүп жаткан унаалардын санын көбөйтүү зарыл экенин билдирди. 


Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлагандай, “Чалдыбар” өткөрүү пунктунан суткасына 5 миңден 7 миңге чейин киши өтсө болот, реконструкцияга чейин миңден ашпаган киши өтчү. Транспорт каражаттарынан суткасына 250дөн 350гө чейин унаа, анын ичинен 70ке чейин оор жүк ташуучу унаа өтөт. (ErN)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus