Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Эл аралык уюм кыргыз бийлигин Алкановага козголгон ишти токтотууга үндөдү

Баш кеңесеси Нью-Йоркто жайгашкан “Журналисттерди коргоо комитети” кыргыз бийлигин журналист Алкановага козголгон кылмыш ишин токтотууга үндөдү. 


Уюмдун Борбор Азия боюнча программасынын координатору Нина Огнянова журналистке мындай айып “саясий жүйөсү бар жана журналисттик иликтөөдөн улам” коюлду деген пикирин билдирди. Ал ошондой эле кыргыз бийлигин "кылмыш ишин токтотуп, журналистке өз ишин коркпой аткарууга шарт түзүп берүүгө” үндөдү.


13-февралда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча кызмат Элнура Алканованы "Коммерциялык же банктык жашыруун сырды түзгөн маалыматты мыйзамсыз алуу" жана "Коммерциялык же банктык жашыруун сырды таратуу" боюнча күнөөлүү деп таап, айыбын угузган.


Ага чейин журналистке өлкөдөн чыгууга бөгөт коюлган. Анын алдында журналист Алканова күбө катары суракка чакырылган. Журналист өз иликтөөсүндө коомчулук үчүн ачык маалыматтарды колдонгонун айткан. 


Былтыр Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Ала-Арча" резиденциясына жакын жердеги 48 коттеж 12,4 гектар жери менен аукцион аркылуу 142 миллион сомго сатылганын билдирген. Бул экс- президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын мүлкү экени, кийин улутташтырылганы айтылган. Бул боюнча иликтөө жүргүзгөн журналист Элнура Алканова мүлктү сатууда мыйзамсыз иштер болгонун, ага өкмөт башчы Сапар Исаковдун жакындары аралашканын жазган.


Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмү журналист жазган маалыматты "чындыкка төп келбейт" деп, жокко чыгарууга чакырган.


Эгер сот журналистти айыптуу деп тапса, ал беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus