Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Бир нече депутат Өмүрбек Текебаевдин ал-жайын көрүп чыкты

№47 абакта камалып жаткан Өмүрбек Текебаев өзүн күнү-түнү тартып турган көзөмөл камерасы психологиялык басым кылып жатканын билдирип, аны алып салуу тууралуу өтүнүчүнө Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы көңүл бурбай жатканына нааразы болуп жатат. Бул тууралуу Текебаев менен 13-февралда жолугуп чыккан Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев "Азаттыкка" айтып берди: 


- Текебаев жалпы шартына нааразы эмес. Бирок эки шартына түрмө жетекчилиги көңүл бурбай жатыптыр. Биринчиси - аны күнү-түнү тартып турган көзөмөл камерасын алып салуу өтүнүчү. Экинчиси - жүрөгү, буттары ооруп жатканына байланыштуу ооруканага которулуп, дарыланып келүү тууралуу өтүнүчүнө көңүл бурулбай жатыптыр. Жок дегенде бир жумага жүрөгүн дарылатып алсам деген каалоосун айтты.


Жанар Акаев Өмүрбек Текебаевдин бул суроо-талаптары боюнча парламентте да маселе көтөрүлөрүн кошумчалады.


13-февралда №47 абакта кармалып турган саясатчылар менен Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Алтынай Өмүрбекова, Наталья Никитенко, Каныбек Иманалиев жана Талант Мамытов жолугуп чыгышкан.


Оппозициячыл саясатчы Өмүрбек Текебаев камалган абакка жана ал отурган камерага видеокөзөмөл орнотулганы 29-январда маалым болгон. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы саясатчынын камерасына видеокөзөмөл коопсуздук маселесинен улам коюлганын айтса, укук коргоочулар бул көрүнүштү айыптап чыгышкан. Кыргызстандагы Кыйноонун алдын алуу борборунун жетекчиси Нурдин Сулайманов саясатчы отурган камерага видеокөзөмөл Текебаевдин уруксаты жок коюлганын билдирген.


“Ата Мекен” партиясынын лидери, экс-депутат Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов "орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган" деген айып менен былтыр февраль айында камакка алынган. 2017-жылдын ноябрь айында Жогорку сот эки саясатчыны сегиз жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен жана үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү тууралуу райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Соттолгондор муну оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн саясий куугунтук катары баалап жүрүшөт.


Былтыр октябрда Өмүрбек Текебаев Бишкектеги №47 түзөтүү колониясына, Дүйшөнкул Чотонов Чүйдөгү Молдовановка айылындагы №27 абакка которулган. (ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.


Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus