Швецияда террорчулукка шектелген өзбекстандыктын соту башталды
39 жаштагы өзбекстандык жаран башкарган жүк ташуучу автоунаа 7-апрелде Стокгольмдо элди тебелеп, соода борбордун имаратын сүзүп өрттөнүп кеткен. Курулушта иштеген Акилов качып кетип, ошол эле күнү кармалган. Окуядан төрт адамдын өмүрү кыйылып, он беши жараат алган. Ал өз күнөөсүн мойнуна алган.