Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Сот, укук коргоо жана көзөмөл кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнүн ишкерлиги чектелет

Сот, укук коргоо жана көзөмөл кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүнө чет элдик ишканалардын баалуу кагаздарын, акцияларын жана уставдык капиталдагы үлүштөрүн сатып алууга тыюу салынат. Мындай тыюуну мыйзамдык жактан камсыз кылууну президент Жээнбеков 13-февралда кол койгон чечими менен Жогорку Кеңешке жана башка тиешелүү органдарга тапшырды.


Чечимде жогоруда сөз болгон органдардын кызматкерлери өкмөт тарабынан гана аныкталган банктарда эсеп ачууга милдеттендирилет. Алардын кызматтык китепчесине 200 эсептик көрсөткүчтөн жогору суммадагы жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардык сатып алган соода-сатыгын каттоо, алардын накталай сатып алгандарын 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин чектөө коюлууга тийиш. Президенттин тапшырмасына ылайык, бул талаптарды бузган кызматкерлерди ишенимди жоготконуна байланыштуу ээлеген кызматынан токтоосуз бошотууну караган мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар кабыл алынышы зарыл. 


Мындан тышкары сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү банктык, салыктык, бажылык купуя сырларды түзүүчү маалыматтарды ачып берүүгө, киреше жана чыгаша декларацияларын так көрсөтүүгө милдеттендирилет. 


Чечимге ылайык, 1-октябрга чейин парламент башка мамлекеттик органдар менен кошо ушул милдеттердин аткарылышын камсыз кылышы керек. 


Президент Сооронбай Жээнбеков 13-февралда "Сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чаралар" тууралуу Коопсуздук кеңешинин чечимине кол койду. (ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.


Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus