Орусиядагы учак кырсыгынын болжолдуу себеби аныкталды
"Кара кутулардагы" маалыматтар учак кулаарда эки датчик эки башка ылдамдыкты көрсөтүп турганын айгинелеген. Биринде ылдамдык тез көтөрүлүп кетсе, экинчисинде нөлдү көрсөтүп турган.
Мындай айырмадан соң экипаж автопилотту өчүрүп, кол менен башкарууга өткөн. Бирок ага карабай асманга көтөрүлгөндөн көп өтпөй учак жерге кулап түшкөн.
"Саратов аба жолдору" компаниясына таандык учак 11-февралда Москва-Орск багыты боюнча "Домодедово" аэропортунан учуп чыккандан көп өтпөй кулап түшкөн. Анын калдыктары Подмосковьедеги Степановский айыл аймагында отуз гектардай аянтка чачылып кеткени аныкталган.
Учактын бортунда 65 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү болгон, бирөө да тирүү калган эмес.