Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Батирлерди мейманкана катары колдонуу сунушу үчүнчү окууда колдоо тапты

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети 13-февралда Турак жай кодексине жана Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодеске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда колдоду. 


Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, долбоорду Алтынбек Жунус уулу баштаган депутаттар тобу иштеп чыккан. Анда Кыргызстандагы көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерди мейманкана катары колдонуп, пайда көрүүгө уруксат берилет. Ал эми батирлерди ижарага берген учурда мыйзамсыз иштер болсо, коомдук тартип бузгандар гана эмес, үй ээси да жоопко тартылат. 


Өкмөт мыйзам долбоору көмүскө иш алып барган жеке ишкерлердин ачыкка чыгышына шарт түзөрүн, ал ишке кирсе туристтик мүмкүнчүлүктөр кеңейерин билдирген.


Кыргызстанда 2017-жылдын 10-январынан баштап көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерди мейманкана катары күнүмдүк ижарага берүүгө тыюу салган мыйзам күчүнө кирген. Документтин демилгечилери аны шаар тургундарынын даттануулары менен негиздешкен. Мыйзамда көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерди саатына жана күнүмдүк мейманкана катары пайдаланууга бергендерди административдик жоопкерчиликке тартуу, айыппул салуу каралган.​ Батирин ижарага берип иштеткен жарандар мыйзамга нааразы болуп, президенттен жана Жогорку Кеңеш депутаттарынан аны өзгөртүүнү суранышкан. ​


Батир берүүчүлөр айына бир батирден 30 миңден 50 миң сомго чейин акча таап келген. Бирок алар кирешеден мамлекетке салык төкпөй келгени белгилүү болгон. Ишкердиктин мындай түрү Бишкек, Ош сыяктуу чоң шаарларда жана туристтик мезгилде Ысык-Көлдө жакшы өнүккөн. (NT)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.


Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus