Кара-Сууда тамак-аштан уулангандардын саны он экиге жетти
- Бизге келгенден кийин ашказандарын жууп, керектүү дары-дармек берип жардам көрсөттүк. Азыр балдар бөлүмүндө төрт бала бар. Ал эми биздин бөлүмдө эки наристе, андан тышкары алты киши дарыланууда.
Уулангандар бешик тойдо шире ичип, манты жегенин жакындары билдиришти. Дарыгер Абдыгапар Гаипов үй шартында жашылча-жемиштерди консервалоо кооптуу экенин, талапка ылайык жабылбаган идиштерде ботулизм микробу бат көбөйүп кетерин жарандарга эскертти.
Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин ооруканада жаткандарга "тамак-аштан ууланган" деген диагноз коюлганын кабарлаган. Алар эмнеден ууланганы анализдин жыйынтыгы чыккандан кийин белгилүү болот. (MN/NT)