Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

"Бир дүйнө": Кыргызстанда аялдардын эмгек укугу корголбойт

Кыргызстанда аялдардын эмгекке болгон укуктары корголбой жатат. Бул тууралуу "Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо кыймылынын "Аялдар маршын" уюштуруу боюнча тараткан билдирүүсүндө жазылган.


Аталган уюм Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жарыялаган маалыматтарга таянуу менен өлкөдө аялдарды саясатка, башкаруу органдарына тартууда да көйгөй бар экенин кабарлады. Маселен, бийликте аялдар 40 пайызды түзүшү керек деген эреже бар экенине карабай иш жүзүндө бул көрсөткүч кыйла аз экенин жазды.  Буга Жогорку Кеңештеги 120 депутаттын 20сы гана аялдар экенин мисал келтирди.  


БУУнун буга чейинки иликтөөлөрү  Борбордук жана Чыгыш Европада жана Борбор Азияда 2015-жылы эркектерге салыштырмалуу аялдардын  маянасы орто эсеп менен 21,8 пайызга, батыш өлкөлөрүндө 16 пайызга төмөндөгөнүн көрсөткөн. 


Ошол эле кезде эркектерге караганда аялдар үй-чарбачылыкта жумушту 2,5 эсе,  айрым өлкөлөрдө 8 эсе көп аткарышары, бирок ага айлык төлөнбөй турганы белгиленген. 


"Бир дүйнө Кыргызстан" кыймылы кыргыз өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-мартындагы №158 токтомунда эмгектин 450 түрүндө аялдарды тартууга тыюу салынганын жана аны жокко чыгаруу зарылдыгын айтууда. 


20-январда Бишкекте аталган кыймылдын жаш лидер-волонтерлору аялдардын укуктарын коргоо тууралуу жүрүш уюштуруп, анда кыз-келиндердин көйгөйлөрүн чечүү талабы менен катар бул токтомду жокко чыгарууга да бийликти чакырышты. (NT)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus