ТИМ: Кабулда кол салуу болгон отелде кыргызстандыктар жабыркаган жок
Маалыматка караганда, Кыргызстандын Ооганстандагы элчилиги кыргызстандыктар жана аталган мамлекеттин укук коргоо органдары менен байланышып турат. Дипломаттар алар менен жолугушууга аракеттенүүдө.
Кол салуудан бир нече киши каза тапканы кабарланууда.
Би-би-Си жазып чыккандай, 20-январда куралдуу топ батыштан келгендер көп токтогон бул отелге кирип барышкан. Үч кишиден турган топ мейманкананы 12 саат кармап тургандан кийин жок кылынган. Бүгүн эртең менен отелдеги 150 киши куткарылган.
Окуяга азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек.