Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Өкмөт: Сапар Исаковдун Мергенбаевдин камалышына тиешеси жок

Өкмөттүн коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланыш бөлүмү парламент депутаты Жанар Акаевдин билдирүүсүнө жооп берди.  


Анда ишкер Эркинбек Мергенбаев Бишкек шаардык сотунун чечими менен күнөөлүү деп табылып, алты жылга эркинен ажыратылганы, кылмыш ишин Башкы прокуратура 2015-жылдын 11-сентябрында козгогону эске салынган.


"Иликтөөнүн жүрүшүндө бир нече жолу курулуш-техникалык жана соттук-эсептик экспертизалар жүргүзүлдү. Алардын баары иштин акысы жогорулатылганын көрсөттү. Мындан тышкары Мергенбаев тарабынан ипподромго алып келинген отургучтар Кыргызстандын аймагына бажы көзөмөлүсүз жана төлөмүсүз киргизилгени аныкталды. Премьер-министрдин тергөө менен соттук жараянга кийлигишүү укугу жок. Сапар Исаков сотко жана анын андан аркы аракеттерине басым болбошу үчүн чыгарылган чечимге комментарий бербейт", - деп айтылат өкмөттүн билдирүүсүндө.  


Ошол эле кезде депутат Жанар Акаевдин "Ууру жүрөт, карма ууруну карма деп" деген билдирүүсү туура эмес маалыматка негизделгени, ал "мазактоо" мүнөзүндө жазылганы белгиленген. 


17-январда "Азаттыкка"  Көчмөндөр оюндарына карата Чолпон-Атадагы ат майданды курган “Темир канат” ишканасынын башчысы Эркинбек Мергенбаевдин камалышы боюнча макала чыккандан кийин Жанар Акаев "Фейсбуктагы" баракчасына "буга премьер-министр Сапар Исаковдун катышы бар" деген ойду калтырып, бийликти адилеттүү болууга чакырган. 


Жогорку сот Эркинбек Мергенбаевге шаардык соттун чечими былтыр ноябрда чыкканын ырастаган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгүнүн бешинчи пункту ("Аткезчилик"), 210-беренесинин 3-бөлүгү ("Салыктан качуу") боюнча алты жылга эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланып, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөй турганы ачыкка чыккан. 


Мергенбаевге ат майданына "отургучтарды Кытайдан аткезчилик жол менен алып келген, салыкты жашырган" деген кине коюлган.​

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus