ИИМ "Гараж 312" түнкү клубунда операция жүргүзүлгөнүн ырастады
Буга чейин ИИМдин баңгизатын мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүү кызматынын тапшырмасы менен спецназ 21-январга караган түнү саат 1:00дөр чамасында аталган клубга барып, тинтүү жүргүзүп, 50дөн ашык кишини кармап кеткени тууралуу маалымат, видео интернетте тараган. Клубдагы операция баңгизаттарга каршы жүргүзүлгөнү кабарланган. Ошондой эле кармалгандардан маңзат табылды деген маалыматтар айтылган. "Гараж 312" түнкү клубу комментарий бере элек.