Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Кабул: мейманканага кол салууга жоопкерчиликти талиптер алды

Ооганстандын Ички иштер министрлиги 21-январда  "Интерконтинентал" мейманканасы толук бошотулуп, курчоо алынганын билдирди. Маалыматка караганда, мейманканага куралчан кол салуудан беш жай тургун каза тапкан, алардын бири чет элдик жаран. Кол салган үч киши да өлтүрүлдү.   


Алты киши, анын ичинде үч полиция кызматкери жаракат алды. Окуя үчүн "Талибан" кыймылы жоопкерчиликти алды.  


Ооганстандын баш калаасы Кабулдун борборунда жайгашкан мейманканага 20-январда куралчан топ кирип, имараттагы кишилерди он сааттан ашык барымтада кармап турган. 


Батыш мамлекеттеринен келгендер, саясатчылар көп токтогон "Интерконтинентал" отелинде бул күнү эл аралык жыйын өтүп жаткан. Анын катышуучуларын коопсуз жайга чыгарылып, имарат курчоого алынган. Полиция менен кол салгандардын атышуусу башталган. Отелдин үстүңкү кабаттарынын биринде өрт да чыккан. Жыйынтыгында полиция кол салгандарды атып өлтүрүп, азыр имарат толук бошотулганы айтылды. 


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул отелде жети кыргыз жараны иштеп келгенин жана алар аман-эсен экенин маалымдады.  

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus