Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Аба ырайы: кар калың жаайт

Синоптиктердин шашылыш билдирүүсү боюнча, Кыргызстанда 13-16-январда аба ырайы туруксуз болуп, айрым аймактарда кар көп жаайт. Автожолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетет. 


Абанын температурасы бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -30...-35 градуска чейин төмөндөйт. 

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда мал кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.


Бишкек-Ош автоунаа жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.


14-январда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаап, айрым жерлерде кар көп жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетет.


Абанын температурасы:


Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз -4…1 градус болот.


Таласта түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5 градус суук.


Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз -2…+3 градуска жылыйт.


Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз -4…+1 градус.


Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -4…-9 градус суук болот. 


Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -19…-24, күндүз -10…-15 градуска чейин төмөндөйт.


14-январда Бишкек шаарында кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.  Абанын түнкү температурасы -4…-6°, күндүзгү температурасы -1…-3° суук болот. 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus