Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Талас: жаштар өкмөт башчы менен белгиленген жолугушуу болбой калганына нааразы

Премьер-министр Сапар Исаковдун 12-январда Таласка жасаган сапарынын алкагында студенттер менен жолугушуусу болбой калганына жергиликтүү активисттер нааразы.


Талас мамлекеттик университетинин 4-курсунун студенти Кубаныч Маряпов 100дөн ашык студент менен окуу жайдын эмгек жамааты өкмөт башчыны үч сааттан ашык күткөнүн "Азаттыкка" билдирди:


- Негизи биз каникулда болчубуз, премьер-министр келет деп баарыбызды 12-январда саат бирге чакырган. Анан үчкө жылды дешти. Кийинчирек жолугушуу 40 мүнөттөн кийин башталат дешти. Ошентип отуруп саат бештен өтүп кетти. Аягында ректор өкмөт башчы келбей калганын, буга аба ырайы себеп болгонун айтты. Бирок жол ачык эле болчу, анткени Исаков келет деп негизги көчөлөр шыпырылып, тазаланган. Таласта кар деле жааган эмес.


Премьер-министрди Таласка коштоп барган вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев өкмөт башчы менен болбой калган жолугушуу боюнча социалдык тармактагы талкууда өз пикирин билдирди.


"Премьер министрдин программасы өтө жыш болуп, "Манас атанын" ордосуна баруу, Шекер айылындагы эл менен жолугушуу, Май айылындагы мектептин ачылыш аземине катышуу, жакыр жашаган үй-бүлө менен жолугушуулар бүткөнчө саат 17:30 болуп кеткендиктен, жолдун алыстыгын жана тайгактыгын эске алып, студенттерди күттүрбөй, жолугушууну кийинкиге жылдырууга мен буйрук бергем» деп жазды Кенекеев.


Ага чейин Сапар Исаковдун Шекер айылындагы Күркүрөө маданий үйүндө белгиленген эл менен жолугушуусу да эки саатка кеч башталган. Аны өкмөттүн маалымат кызматы премьер-министр аба ырайына байланыштуу жолдо кармалып калганы менен байланыштырган. 


Премьер-министр 12-январда Талас облусунун Кара-Буура, Манас райондорунда болуп, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата белгиленген иш-чараларды эл менен талкуулаган жана жаңы мектептин ачылышына катышкан. (AlS)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus