Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Дача-СУда учак кырсыгынын курмандыктарына эстелик ачылды

Эстеликтин ачылышына президенттик аппараттын биринчи орун басары, кырсыктын кесепетин жоюу боюнча өкмөттүк комиссиянын төрагасы Мухамбеткалый Абулгазиев баш болгон жогорку кызмат адамдары, өкмөт мүчөлөрү, кырсыкта набыт кеткендердин жакындары, коомчулук өкүлдөрү катышууда. 


Каза болгондорду кайтарып алууга мүмкүн эместигин айткан Абулгазиев, кырсыктан жабыркагандарга, набыт кеткендердин жакындарына жалпы өлкө жарандары чогулткан каражат толук берилгенин, ошондой эле кырсыкка кабылган учактын ээси - түркиялык компания да жабыркагандарга кенемте төлөгөнүн маалымдады:


- Акчалай жардамдарды каза болгондордун жакындары өздөрү бөлүштүрдү. Түрк компаниясы төлөгөн кенемтенин суммасы курман болгондордун жакындарынын каалоосу боюнча ачык айтылган жок. Кенемтенин суммасы дүйнөдө болуп көрбөгөндөй деңгээлде төлөндү, эч ким нааразы болгон жок. 


Учак кырсыгынан жабыркагандардын өкүлү Венера Шейшенова өкмөттүк комиссияга нааразылыгы жок экенин билдирип, бийлик органдары жабыркагандардын бардык маселелерине көмөк көрсөттү деп айтты. Шейшенова ошондой эле маалымат каражаттарын 

ар кандай имиш сөздөрдү таратпоого чакырды.


Былтыр 16-январда түркиялык "Боинг-747-400" жүк учагы Бишкектин четиндеги Дача-СУ айылына кулаган. Анда жергиликтүү 35 тургун, төрт учкуч каза болуп, бир топ турак жай кыйраган. Маалыматтарга караганда,  Гонконг - Стамбул багытында учуп бараткан учакта 85 тоннадан ашык жүк болгон жана ал Бишкекке май куюу үчүн конуп жатканы айтылган.


Кырсыктан жабыркагандарга кыргызстандыктар жардам чогултуп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине элден 102 миллион сомдон ашык каражат түшкөн.(BkA/ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus