Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Өзбекстанда 13 бала түшкөн “Матиз” кырсыкка учурап, айдоочу каза тапты

Өзбекстандын Навои облусунда бала бакчанын тарбиялануучуларын ташып бара жаткан "Матиз" үлгүсүндөгү автоунаа кырсыкка кабылып, айдоочу каза болду.

Kun.uz басылмасынын маалыматына ылайык, 5-май күнү эртең менен 34 жаштагы аял өзүнүн чакан автоунаасы менен 13 баланы жана өзүнүн үч айлык ымыркайын алып бара жаткан.

Жолдо баратып ал унааны башкара албай калып, машине жолдон чыгып кетип, аңтарылып калган.

Айдоочу окуя болгон жерде каза болуп, балдар ар кандай жаракат алышкан.

Басылманын маалыматына караганда, бир бала комада, дагы сегиз бала ооруканага жеткирилген.

Маалыматка ылайык, аялдын айдоочулук күбөлүгү болгон эмес. Бирок ал дайыма өзүнүн "Матиз" автоунаасы менен балдарды бала бакчага алып барып, кечинде үйлөрүнө жеткирип турган. Балдардын ата-энелери буга каршы болгон эмес.

Навои облусунда мындай окуялар буга чейин да болгон.2023-жылы өзбек басылмалары Бухара шаарындагы окуя тууралуу жазышкан.

Анда бала бакчанын жетекчиси өзүнүн автоунаасына 25 баланы салып кеткен.

Кармалгандан кийин ал тарбиялануучулар бири-бирине жакын жашагандыктан үйлөрүнө жеткирип коеюну максат кылганын айткан.

Бухара облусунун жол кыймылы коопсуздугу кызматкерлери машинени токтоткондо, төрт орундуу автоунаага көп бала түшкөнүн аныкташкан.

Бир нече бала жүк салгычта болсо, калгандары алдыңкы жана арткы орундуктарда бара жаткан.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus