Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

АКШдан депортация болгон дагы 26 өзбек жараны мекенине кайтты

Өзбекстандын дагы 26 жараны АКШда миграция мыйзамдарын бузганы үчүн депортация болуп, 1-майда Ташкентке кайтышканын "Азаттык Азия" маалымдады.

Бул жолу да АКШдан депортацияланган өзбек жарандарын америкалык чартердик Omni Air International авиакомпаниясы жеткиргени, жалпысынан алар жолдо 36 саат жүрүшкөнү кабарланды.

АКШнын Мексика менен чектеш Техас штатынан жолго чыккан учак Польша, Молдова, Румыния жана Армения өлкөлөрү аркылуу өтүп барганы, өзбек жарандарын мекенине кайтаруу "Өзбекстандын жана АКШнын компетенттүү органдарынын бирге макулдашылган аракетинин натыйжасында ишке ашкан операция" болгону белгиленди.

Быйыл январь айында да Өзбекстан АКШдан өзүнүн депортация болгон 44 жаранын, март айында дагы 65 жаранын кабыл алган. Январдагы депортация тууралуу маалыматта Кошмо Штаттарда президенттик кызматка Дональд Трамп киришкенден берки 11-депортация экени айтылган.

Эң алгачкы топ былтыр февраль айында кайткан. Анда Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги өзбек тарап өз жарандарын депортациялоо маселесинде АКШ бийлиги менен тыгыз кызматташып, алардын мекенине коопсуз кайтып келишин камсыз кылып жатканын билдирген.

Былтыр январда Fox News телеканалы АКШ бул өлкөдө мыйзамсыз жашаган 975 өзбекстандык жакынкы арада мекенине депортация болорун маалымдаган.

АКШда бийликке Дональд Трамп келген 2025-жылдын январь айында анын администрациясы мыйзамсыз мигранттарды депортациялоо боюнча кеңири масштабдуу программаны ишке ашыра баштаган. Расмий маалыматтарга караганда, Трамптын азыркы экинчи мөөнөтүнүн биринчи жылында Кошмо Штаттардан 600 миңден ашык адам депортацияланды, ал эми дагы 1,9 миллион мыйзамсыз мигрант өлкөдөн өз ыктыяры менен кетүүнү чечкен.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus