Аба ырайы: айрым жерлерде өткүн өтөт
30-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана күндүн ысышына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Төө-Ашуу, Көк-Арт жана Чоң-Ашуу ашууларында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
27-апрелде түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, тоолордо кар жаайт. Тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 14…19;
Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22 градус жылыйт.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 22…24° жылуу болот.