Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Адылбек Касымалиев инвесторлорго шарт түзүү чабал болуп жатканын айтып, акимди зекиди

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 23-апрелде быйыл ишке киргизүү пландаштырылган 113 өнөр жай объектисине байланыштуу кеңешме өткөрдү. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, бир катар ишканалардын өз убагында ишке киришине тоскоол болгон көйгөйлөр талкууланды.
Жер тилкелерин трансформациялоодогу кечигүү, инженердик инфраструктураны (электр энергиясы, суу каналдары) тартуудагы кыйынчылыктар жана уруксат берүүчү документтерди алуудагы бюрократиялык тоскоолдуктар тууралуу сөз болду.

Касымалиев инвесторлор менен иштөөдөгү ыкмаларды түп-тамырынан кайра карап чыгуу зарылдыгын белгиледи.

"Инвесторго жардам жана аны коштоо бардык этаптарда, айыл өкмөтүнүн башчысынан баштап Министрлер кабинетине чейин системалуу болушу керек. Бул 113 объектке гана тиешелүү эмес. Кыргызстанга капитал салгысы келген ар бир инвестор мамлекеттин реалдуу колдоосун сезиши керек. Жер-жерлерде "бири-бирине оодармай" болбошу жана мөөнөттөр создуктурулбашы керек. Эгерде инвестордун көйгөйү болсо бул сиздин жеке көйгөйүңүз, аны сиз чечүүгө милдеттүүсүз", - деди өкмөт башчы.

Касымалиев ишкерликтин бардык түрүнө жана көлөмүнө карабай шарт түзүп берүүнү тапшырып, айрым иштердин мөөнөтү созулуп жатканын сындады. Жыйынга онлайн катышкан Талас облусунун Айтматов районунун акими Нурланбек Умаровду зекиди.

"Айтматовдун акими, сиз, эмне, тойго келдиңизби? Ылжылыңдап күлүп отурасыз. Экономиканы дагы 9-10% кармаш үчүн бизге абдан көп инвестиция керек. Аким, айыл өкмөт башчылары ал силерге дагы керек, салык түшөт, жумуш орундары түзүлөт", - деди Касымалиев.
Министрлер кабинети дээрлик бардык тармактарда өсүү болгонун, негизги капиталдык инвестициянын көлөмү 77,3 млрд сомду түзүп, 25,5% көбөйгөнүн белгилеген. Баштапкы маалыматтарга ылайык, ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,1% көбөйүп, 428,6 млрд сомду түзгөн. Өкмөттүн маалыматына караганда, 2026-жылдын биринчи чейрегинде курулуш тармагында өсүш 29,6%, өнөр жайдагы өсүш 14% түздү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 20-апрелде аппараттык кеңешме өткөргөн учурда айтылган.

Кыргыз өкмөтү 2025-жылы экономика 10% ашык өсүп, бюджеттин капчыгы 1 трлн сомдон ашканын жар салган. Жаңы ишканалар ачылып, турак жай курулуп, маяна, пенсия, жөлөкпул бир кыйла өскөнүн айтып келет.

Экономикалык талдоочулар сандардын артынан түшпөй, мамлекеттин каражатын натыйжалуу долбоорлорго жумшоо зарылдыгын белгилеп келишет. (КЕ)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus