УКМКнын мурдагы төрага орун басары Даниэл Рысалиев кармалып, үй камагына алынды. Ал ИИМдин Тергөө башкармалыгында суракта болгон. УКМКнын дагы эки кызматкери кармалганы белгилүү болду. Рысалиев февралда мурдагы төрага Камчыбек Ташиевдин отставкасынан кийин жумуштан кеткен эле.