Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) «коррупцияга каршы күрөш» жана эл арасында «кустуруу операциясы» деп аталып калган өнөктүгүнөн жабыр тартканын ондогон ишкерлер айтып, улам жаңы кайрылуулар чыгууда. Президент Садыр Жапаров даттанган ишкерлердин арызы каралып чыгарын убада кылды.