Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Газада дагы кеминде 15 кишинин өмүрү кыйылды

Газа секторунда бүгүн 20-ноябрда Израилдин соккусунан дагы кеминде 15 палестин каза болгонун ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) тобу көзөмөлдөгөн бул анклавдын саламаттык сактоо мекемесине таянып Reuters билдирди.


Каза тапкандардын арасында куткаруучулар да бар экени, израилдик аскерлер танк менен кирип барып, үйлөрдү аткылаганы маалымдалды.


Израил бул жолу Жабалия районун, Газа шаарынын Сабра жана Тал ал-Хава райондорун бутага алганы, уранды астында калгандарды алып чыгып жаткан бир куткаруучунун өмүрү кыйылганы, дагы үчөө жараат алганы кабарланды. Ушуну менен азыркы согуш башталгандан бери Газада 87 куткаруучу мерт болду.


Сектордун жарандык коргонуу мекемелери менен катар саламаттык сактоо системасы да жабыркап жатканын, тийиштүү каражаттар, дары-дармек, доктур жетишсиз экенин жергиликтүү бийлик кабарлоодо.




Израил азырынча бул боюнча комментарий бере элек.


Өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху шейшемби күнү Газага барып, ХАМАС бул палестин анклавын башкарбай турганын, анын согушуу мүмкүнчүлүгү жок кылынганын айтты.


Былтыр октябрда куралчан адамдар кармап кетип, барымтага алган 101 кишини кайтаруу аракети уланып жаткан Нетаньяху алардын ар бири үчүн 5 миллон доллардан убада кылды:


"Бул туңгуюктан чыгууну каалагандарга айтарым - барымтада кармалып тургандарды бошотууга жардам берген ар бир кишиге коопсуздукту кепилдейбиз. Өзүнө жана анын үй-бүлөсүнө. Барымтадан бошотула турган ар бир адам үчүн 5 миллион доллар каражат да бөлүп беребиз". 


Былтыр 7-октябрда ХАМАС Газа секторунан Израилге кол салганда бир күндө 1197 кишини өлтүрүп, 251 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын айрымдары бошотулуп, кээ бирлери каза болгон.


Израил октябрдагы кандуу окуядан кийин ХАМАСты жок кылууга убада берген жана Газа секторунда чабуул баштаган. Он айда Газада каза болгондор 43 миңден ашканын сектордун саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө. (RK)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus