Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Лукашенко Жапаровду куттуктады

Беларус президенти Александр Лукашенко президент Садыр Жапаровду өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгы менен куттуктады. Бул маалымат президенттин расмий сайтына 21-январда чыкты.



"Достуктун жана сый-урматтын салттарына таянуу менен акыркы он жылдыкта биздин мамлекеттер татыктуу биргелешкен жолду басып өтүштү. Минск менен Бишкектин өз ара аракеттенүүсү терең жана ар тараптуу мүнөзгө ээ болду. Соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташтык активдүү өнүгүп жатат, интеграциялык бирикмелердин алкагында конструктивдүү диалог түзүлдү. Биргелешкен күч-аракеттер менен биздин өнөктөштүгүбүздүн бекем пайдубалы эки өлкөнүн жана элдин кызыкчылыгында мындан ары да чыңдалат деген ишенимди билдирем", — деп айтылат куттуктоодо.



Кыргызстан менен Беларус бир катар эл аралык жана аймактык уюмдарга тең укуктуу мүчө. Эки өлкөнүн алакасы 2010-жылы апрель окуясынан кийин солгундай түшкөн.


Учурда сыртынан соттолгон мурдагы президент Курманбек Бакиев Минск шаарында жашайт. 2019-жылы Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Лукашенко Бакиев менен жолугушканына, аны менен расмий ачык байланышып жатканына нааразылык билдирген.


17-январда Курманбек Бакиевдин жубайы Назгүл Төлөмүшова каза болуп, сөөгү Кыргызстанга алып келинген. Башкы прокуратура мурдагы президент Курманбек Бакиев Кыргызстанга келсе ага чыккан сот өкүмдөрүнүн негизинде чара көрүлө турганын жана Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы аны камакка алууга милдеттүү экенин билдирген. (BCh)






 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus