Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

АКШнын эки сенатору Садыр Жапаровго "Азаттыкка" байланыштуу кат жолдошту

АКШ сенатору Боб Менендес жана Сенаттын Эл аралык байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Жим Риш Кыргызстандагы сөз эркиндиги менен "Азаттык" радиосуна болуп жаткан соңку кысымдарга карата тынчсыздануусун билдирип, Садыр Жапаровго кайрылуу кат жолдошту.


Бул тууралуу маалымат бүгүн, 21-январда Сенаттын Эл аралык байланыштар боюнча комитетинин расмий интернет барагына чыкты.


"Биз Кыргызстандын жетекчилигинин Борбор Азиядагы эң эркин, көз карандысыз медиа мейкиндикти колдоодо ойногон тарыхый ролун моюнга алабыз. Бирок, "Азаттык" радиосунун интернет сайтын белгисиз мөөнөткө бөгөттөө жана банк эсебин жабуу чечими өлкөнүн Борбор Азиядагы сөз эркиндигинин маягы деп таанылган эл аралык аброюна шек келтирип жатканы өкүндүрөт. Мындай чечимдер сөз жана басма сөз эркиндигине байланыштуу эл аралык нормаларды гана эмес, өз өлкөңүздүн Конституциясынын кепилдиктерин да бузат", - деп жазышкан АКШ сенаторлору.


Алар Кыргызстандагы басма сөз эркиндиги АКШ менен мамиледеги маанилүү элемент экенин белгилеп, 2022-жылдын октябрь айында "Азаттык" радиосунун имаратынын алдында өткөн митингде журналисттерге зордук-зомбулук көрсөтүүгө үндөгөн чакырыктарга, коркутууларга кабатырланып жатышканын билдиришти.



"Кыргыз өкмөтүн "Азаттык" радиосуна коюлган чектөөлөрдү токтоосуз алып салууга, эркин жана көз карандысыз маалымат каражаттарына мыйзамсыз чабуулдарды токтотууга жана журналисттерге карата зомбулукту, коркутууларды тыкыр иликтөөгө чакырабыз. Адам укуктары жана мыйзам үстөмдүгүн сактоо боюнча эл аралык милдеттенмелерди эске салып, биз сизди көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркин иштөөсү үчүн шарт түзүүгө, кыргыз журналисттеринин өч алуудан коркпостон өз иштөөсүнө кепилдик берүүгө чакырабыз", - деп жазышкан катта.


АКШ сенаторлору Садыр Жапаровдун 2020-жылдагы сөз эркиндигине байланыштуу айткандарын эске салып: "2020-жылдын 6-ноябрында Эл аралык маалымат жана басма сөз күнүнө карата сиз: “Бүгүнкү күндө дүйнөдө журналистиканын мааниси өсүп, биздин күнүмдүк жашообузду маалымат агымысыз элестетүү мүмкүн эмес. Мындай шартта өлкөнүн турмушундагы маанилүү окуялар Кыргызстандын демократиялык өнүгүү жолунда массалык маалымат каражаттарынын ачык-айкындуулугу чоң мааниге ээ экенин ачык көрсөтүп турат", - деп айткансыз. Биз сиздин билдирүүңүзгө кошулабыз жана сиз өзүңүз өлкөңүздү өнүктүрүүнүн негизги максаты катары белгилеген эркин жана ачык медиа мейкиндигин колдоого чакырабыз", - деп белгилешкен.



Сенаторлор талибдердин бийлигинен Бишкекке баш калкалап келген "Азаттык" радиосунун ооган кызматынын журналисттери менен алардын үй-бүлөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылууну да кыргыз бийлигинен суранган.



Былтыр 26-октябрда Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. 31-октябрда радионун “Демирбанктагы” эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн. Биринчи радио техникалык себептерден улам деген жүйө менен "Азаттыктын" берүүлөрүн обого чыгарууну 23-октябрдан баштап токтоткон. 13-ноябрдан тартып НТС каналы "Азаттыктын" телерадио берүүлөрүн эфирден алган.



Бир катар эл аралык уюмдар "Азаттык" радиосуна байланыштуу кыргыз бийлигинин бул чектөөлөрүн сындап, билдирүүлөрдү таркаткан. Кыргызстандын бир катар маданий жана коомдук ишмерлери радиого каршы кысымды токтотуу жана сөз эркиндигин сактоо өтүнүчү менен бийликке кайрылган. (BCh)






 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus