Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Шри-Ланканын парламенти премьер-министрди президент кылып шайлады

Шри-Ланканын парламенти премьер-министр Ранил Викрамасингхени өлкөнүн президенти кызматына дайындады. Ал өткөн аптадан бери президенттин милдетин да кошо аркалап жаткан. Викрамасингхе 2024-жылы шайлоо өткөнгө чейин мамлекет башчы болуп турат.


Парламенттин тандоосу нааразылыкка чыккан жергиликтүү тургундар сынга алышты. Би-Би-Синин маалыматына караганда, олуттуу митингдерден чочулап бийлик шайлоо өткөн күнү Коломбодо парламенттин имаратын темир коргондор менен тосуп коюшту. Чоң нааразылыктар өткөн жок.


Шри-Ланканын борбор шаары Коломбодо 9-июлда нааразылыкка чыккан митингчилер президенттин резиденциясын жана башка бир катар өкмөттүк имараттарды ээлеп алышкан. Мамлекет башчысы Готабая Ражапакса коопсуз жерге чыгарылып кеткен жана парламенттин талабы менен кызматын 13-июлда тапшырып берүүгө макул болгон. Бул күнү эртең менен ал акцияга чыккандардын талабына ылайык кызматын тапшырбай, өлкөдөн качып кеткен.


14-июлда Ражапакса Сингапурдан парламенттин спикерине электрондук почта аркылуу арызын жөнөтүп, кызматын тапшырганын жарыялаган. Ал кызматтан кеткенге чейин эле премьер-министр Ранил Викрамасингхе өзүн президенттин милдетин аткаруучу деп жарыялап, өлкөгө өзгөчө абал режимин киргизгенин маалымдаган.


Демонстранттар премьердин өзүнүн да кызматтан кетишин талап кылып, зарыл болсо Коломбодогу өкмөт үйүн басып аларын жарыялашкан. Мындан кийин Викрамасингхе да милдетин спикерге өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирген. Викрамасингхе мурда төрт мөөнөт премьер-министр болгон, быйыл 12-майдан тартып бешинчи мөөнөткө өкмөт башчылыкка келген эле.


22 миллионго чукул калкы бар Шри-Ланкада нааразылык акциялары быйыл жыл башынан бери уланып келе жаткан. Өлкөнүн экономикасы ушу тапта болуп көрбөгөндөй кыйынчылыкты башынан өткөрүүдө. Мамлекетте жумушсуздук күч алып, тамак-ашка жетишпеген катмар арбыган. Дары-дармек, айрым азыктар жетишсиз болуп, валюталык резерви түгөнгөн, өлкө тышкы карызын төлөй албай, дефолтко кабылган. Инфляция 54,6% жетип, тышкы карыз 51 долларды түзүп калган.


Шри-Ланка - Индиянын жанындагы чакан аралчадагы мамлекет. Мурда Британ империясынын колониясы болгон өлкө 1948-жылы көз карандысыздык жарыялаган. (ErN)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus