Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

УКМК чек ара бекеттериндеги тыгындын себебин түшүндүрдү

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы коронавирус илдетине байланыштуу чектөөлөр алынып, туристтик сезон башталып, айыл чарба продукцияларынын экспорту көбөйгөндүгүнө байланыштуу чек ара бекеттеринде жүргүнчүлөрдүн жана жүк ташуучу унаалардын тыгыны байкалып жатканы белгиледи. Аталган мекеменин басма сөз кызматы өткөрүү пункттардагы кезек күтүү жана тыгын сезонго байланыштуу, ар дайым кайталанып турчу жагдай экенин билдирди.





"Кыргыз-казак чегиндеги "Ак жол", "Кең-Булуң" жана "Токмок" өткөрүү бекеттеринде дем алыш күндөрү эртең менен, кечинде, жуманын башында адамдардын жана автоунаалардын агымы көбөйгөндүгү байкалууда. Ал эми кыргыз-өзбек чек арасынын "Достук" пунктунда дем алыш жана Кара-Суу базарындагы дүңүнөн соода кылуу күндөрү адамдар көп өтүп жатат. "Достук" өткөрмө бекетинде курулуш иштери жүрүп жатканына карабай, жарандардын, транспорттун үзгүлтүксүз өтүүсү камсыздалды", - деп айтылат Чек ара кызматынын маалыматында.



Маалыматка караганда, суткасына 14, 5 миңге жакын адамды тейлөөгө ылайыкташканына карабастан 19-20-июлда эле ушул бекеттен 18 миңден ашуун адам кирип-чыккан. Ошондой эле "Достук" өткөрмө пунктунда 22 паспорттук көзөмөл кабинасы күнү-түнү иштеп жатат.



Казакстан менен чек арадагы жүк ташуучу машинелердин тыгыны жаз айларында байкалып, бул маселе Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлгөн. Анда депутат Айбек Осмонов мындай мамиле улана берсе, Евразия экономикалык биримдигинен (ЕАЭБ) чыгуу керектигин айткан. (КЕ)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus