Саясатчы Равшан Жээнбеков сурактан чыкты
“Ал жерде эч кандай жалган маалымат, эч кандай туура эмес маалымат жок. Тергөөчүлөр мени суракка алышты. Башка суроолор жок экенин, үйгө кете берсем болорун айтышты”, - деди Жээнбеков.
Жээнбеков 1-июлдун кечинде милиция бөлүмүнө жеткирилгени белгилүү болгон. Анын суракка алынышы тууралуу расмий органдар маалымат бере элек.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты социалдык тармактагы баракчасына "өкмөт быйыл өлкөнүн тышкы карызын дээрлик 1,3 миллиард долларга көбөйтүү ниетинде" деп жазган.
30-июнда Адилет Балтабай деген ат менен белгилүү блогер, Next TV телеканалынын штаттан тышкаркы кабарчысы Адилет Али Мыктыбек камакка алынган. Ага Фейсбукка жазган билдирүүлөрү үчүн “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып коюлганы белгилүү болгон.