Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Ипотекалык компания депутаттын коррупция тууралуу айыптоосун четке какты

Мамлекеттик ипотекалык компания Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевдин ипотека насыясын берүүдөгү коррупция тууралуу айтканын четке какты.


Компания 2020-жылдан бери арыздарды электрондук түрдө карай баштаганын, бул бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтканын, коррупциялык элементтер толук жоюлганын билдирди.


Билдирүүдө айтылгандай, электрондук кезекте ар бир жарандын катталган убактысынан тартып, банк арызды кабыл алганга чейинки ар бир кадамы катталат. Арыз тапшырган жарандар жеке кабинети аркылуу ар бир этапты карап тура алат. 


"Мисалы электрондук кезек киргенден тартып 39 миң адам каттала баштаган, бирок бүгүнкү күнгө карата анын 18 миңи гана толук каттоону аяктады. Калган 21 миң адам катталууну токтотуп койгон. 18 миң катталган арыздын 12 миңи кабыл алынган жана турак жай программасына киргизилген. Калган арыздар каралып жатат", - деп жазылган компаниянын маалыматында.


Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде депутат Эмил Жамгырчиев келерки жыйынына Мамлекеттик ипотека компаниясынын жетекчилигин чакырып, алардан отчет алууну сунуштаган. Ал мамлекеттик компаниянын өзүндө чоң коррупциялык элементтер бар экенин айткан.


Расмий маалыматка ылайык, ипотекалык компания иш жүргүзө баштаган 2016-жылдан 2021-жылдын аягына чейин 6800 үй-бүлө үйлүү болгон. (МТа)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus