Мы в Telegram
Добавить новость

В столичных отделениях Соцфонда перестали выдавать СНИЛС

Сухостой уберут в Ивантеевке по просьбам жителей

Как редакция PEOPLETALK готовится к лету

Ecoplatform и Самолет продолжат свою совместную экологическую инициативу

World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Түркия: чектөөлөрдөн четте калбаган кыргызстандыктар

Түркия: чектөөлөрдөн четте калбаган кыргызстандыктар

1-марттан тарта Түркия карантин чектөөлөрүн четинен ала баштады. Жаңы эрежеге ылайык коронавирус жуктуруп алгандар аз катталган аймактарда ресторан жана коомдук жайлар ачылды. Бирок кечки саат 9дан кийинки комменданттык саат күчүндө калат. 

Түркияда кафе жана сулуулук салондорун иштеткен кыргызстандык ишкерлер да пандемиянын кесепетин өз жон териси менен сезип жатат.

Түркиянын бардык аймактарында былтыр ноябрдан бери ресторан-кафелерде тамактанууга тыюу салынган. Кардарлар тамак-ашты үйгө алып кеткенге уруксат берилген. Чектөөлөрдүн алынышы менен эми коомдук тамактануучу жайлар эртең мененки жетиден кечки жетиге чейин ачык. Бирок кардарлардын саны чектелет.

Анкара шаарында "Алатоо" кафесин иштеткен Элдар Орозалиев пандемия шартында кандай иштеп жатышканын түшүндүрдү.

"Негизи биздин ишибиз оор жана аз болду. Бир жылдан бери ишибиз токтоп калды десек болот. Ал эми жаңы эрежеге ылайык, атайын "HES" код деген система менен кардарларды кафеге алабыз. Социалдык аралык жана тазалыкты сактоодон башка жаңы талаптар коюлган жок. Азыр келген кардарларыбыздын маанайы жакшы. Акырындап келе башташат деген ойдомун", - деди Элдар Орозалиев.

Расмий Анкара 2-марттан тартып Түркиянын 81 облусу коронавирусту жуктуруп алгандардын жана оор бейтаптардын абалына жараша, жеңил, орто, кооптуу жана өтө кооптуу деген категориялардагы аймактарга бөлүндү.

Буга жараша кооптуу жана өтө кооптуу аймактарда катаал чектөөлөр сактала бермекчи, ал эми жеңил жана орто категориядагы аймактарда элдин көчөгө чыгышына уруксат берилет.

Бирок кечки саат сегизден баштап таңкы бешке чейин коменданттык саат сакталып кала берет.

Стамбул шаарында сулуулук салонун иштеткен кыргызстандык Аида эми көрсөтүлгөн сааттарда гана иштөөгө мүмкүн экенин айтты.

"Пандемияда аптасына беш күн гана иштеп жатканбыз. Азыр эми ишембиде иштегенге да уруксат берилди. Сулуулук салондору да башка ишканалардай эле эртең мененки 10дон кечки саат сегизге чейин иштеп жатат. Анткени кечки тогузда коменданттык саат кирип калат. Мурун болсо тынымсыз түнкү саат 12ге чейин иштечүбүз. Иштерибиз акырындап жандана баштады", - деди Аида.

Үч жыл мурун Түркиянын Анталия шаарында түзүлгөн "Кыргыз үнү" чыгармачыл тобу ар кыл маданий иш-чараларга үзбөй катышчу.

Топтун жетекчиси Гүлжан Усупбаева ошондой эле анталиялыктардын той-топурларында да кызмат кылганын, бирок пандемиядан улам үйдо отуруп калышканын айтып берди.

"Негизинен түрк эли кыргыз маданиятына абдан кызыгат. Биз өзүбүздүн тобубуз менен барып түрк тойлорунда кызмат кылып жүрдүк. Бирок бир жылдан бери коронавирустан улам маданий иштерибиз туруп калды. Баарыбыз бул ишти токтотконго мажбур болдук. Эми Түркияда бул жаатта уруксат чөйрөсү кеңейтилсе, өз ишибизге кайтабыз деген ойдобуз. Учурда сегиз балам менен Анталияда турам. Мектептер жабык, балдарым үйдөн онлайн окуп жатышат. Күнүмдүк балдардын керектөөлөрүнөн бир аз кыйналдык, бирок эми азыр карантин талаптары жеңилдеп, баары оңолот деген ойдобуз", - деди мекендешибиз.

Түрк бийлигинин эрежелерине ылайык, Анталия аймагында тойго бир саатка чейин гана уруксат берилди. Келген коноктордун саны 100 кишиден ашпашы керек. Ал эми кафе-ресторандар эртең мененки жетиден кечки жетиге чейин ачык.

Анталия аймагындагы жүздөгөн мейманканалар туристтердин келишин күтүп, даярдана баштаганын байкалат.

Жыл сайын миңдеген кыргызстандык Түркиянын туристтик аймактарына иштегени келет.

Пандемиядан улам былтыр туризм тармагы бир топ жабыркады. Андыктан былтыр мейманканаларда барып иштеген кыргызстандыктар дээрлик болгон эмес.

Анталия шаарындагы "Р-вимор" фирмасынын жетекчиси Гүлсаана Садыбакасова айткандай, иш берүүчү мейманканалар ушул тапта коронавирус сертификаттарын алып, апрель айынан баштап гана жумушчуларга эшик ачат.

"1-апрелден баштап мейманкалар өздөрү агенттиктерге чалып, жумушчуларды алабыз деп буюртма бере баштайт. Бирок быйыл Кыргызстандан жумушчуларды алабыз деген мейманкалардын саны аз. Анткени кыргызстандыктарга эмгек визасын чыгарып, расмий иштөөгө алып келиш көп чыгым болуп жатат. Биздин фирма Түркиядан да, Кыргызстандан да мейманканага персонал таап беребиз деп жатат. Ал эми мейманканалар 1-апрелден баштап ачылып баштайт", - деди Гүлсаана Садыбакасова.

Ал ортодо Кара деңиз аймагында вирустун жаңы штаммы чыкканы кабарланды. Вирусту жуктуруп алгандардын саны боюнча да бул аймак кооптуу деп саналат.

Анткен менен Түркияда беткап жана социалдык аралыкты кармоо эрежеси катуу сакталат. Мисалы, көчөгө беткапсыз чыккан кишиге 900 лира (120 доллар тегерегинде) айыппул салынат.

Ошондой эле коомдук унаа, соода борборлоруна жана ресторандарга кардарларга таза экенин тастыктаган код менен гана кирүүгө уруксат берилген.

Түркияда 25 миңден ашуун кыргызстандык расмий каттоого алынган. Алардын канчасы коронавируска чалдыкканы тууралуу расмий маалымат жок. Түркиядагы алатоолуктардын арасында коронавируска каршы эмделе баштагандар да бар.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Памятный забег «Рекорды Победы» пройдет в Реутове

Электросамокаты замедлят в Петербурге

Блогеры Влад А4 и Юлия Годунова стали родителями

На фестивале «Московская весна» на Городецкой улице дети учились основам режиссуры

Музыкальные новости

Полезные приложения для поклонников спортивной ходьбы

Патриотическую акцию «Синий платочек» провели в Нижнем Новгороде в день прибытия «Поезда Победы»

Театр кукол «Ульгэр» выступил в райцентре Бурятии в День Пушкина - Россия, Культура, Дети

Мультфильм «Пушистый вояж» выйдет в прокат при поддержке Детского радио

Новости России

«Головная боль США»: может ли РФ применить ядерное оружие в космосе и какие будут последствия

В столичных отделениях Соцфонда перестали выдавать СНИЛС

В Екатеринбурге подросток на самокате сбил женщину с коляской и скрылся

В Москве начали проверку по делу брошенного на 5 дней без еды ребенка с ДЦП

Экология в России и мире

Стой и не двигайся: доктор Кутушов рассказал, что делать при встрече со змеями

Работники сервисного локомотивного депо (СЛД) «Чернышевск» филиала «Забайкальский» ООО «ЛокоТех-Сервис» заняли призовые места в соревнованиях Роспрофжел «Мы вместе»

Участники Всероссийской олимпиады школьников по математике выбрали Marins Park Hotel Нижний Новгород

Большинство российских туристов к 2030 году пересядут на этот вид транспорта

Спорт в России и мире

Медведев с трудом одолел 121-ю ракетку мира на турнире в Риме

Соболенко вышла в полуфинал турнира WTA в Риме

Стало известно, при каком условии Медведев может опуститься на 5-е место рейтинга ATP

Азаренко вышла в четвертьфинал турнира WTA-1000 в Риме

Moscow.media

«Байкал Сервис» открыл новый терминал на юго-востоке Москвы

Сервер российского вендора DатаРу прошел сертификацию и показал рекордную производительность при работе с SAP HANA

Столичные росгвардейцы задержали мужчин, подозреваемых в хранении наркотиков

Новая попытка азербайджанских вандалов исламизировать армянское культурное наследие в оккупированном Шуши











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Посол Германии вернется в Москву

В столичных отделениях Соцфонда перестали выдавать СНИЛС

В Чехове на торгах зафиксировали рекордную стоимость участка для ведения ЛПХ

Выплата детям-инвалидам в Подмосковье стала проактивной