Илон Маск жакында космостук ракета учурарын ишембиде билдирди. Анын айтуусунда бул ракета Марс планетасына адам баласын жеткирүү үчүн SpaceX компаниясы тарабынан даярдалууда.
Илон Масктын сөзүнө караганда Starship ракетасы Жердин атмосферасында 15 чакырым аралыкта гана учат. Мурдараак ракетанын учуу бийиктиги 18 чакырым деп айтылган.
Маск ракетасынын куйрук тарабынын сурөтүн көрсөтүп, башы менен стабилизаторлору кийинки жумада даяр болорун айтты.