Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

COVID-19: Сыноодо үч вакцина натыйжалуу жана коопсуз экенин көрсөттү

COVID-19 илдетине каршы үч эксперименталдуу вакцина, анын ичинде Оксфорд университетинин окумуштуулары иштеп чыккан каражат алгачкы сыноолордо өзүн натыйжалуу жана коопсуз экенин көргөздү.


Сөз болгон бир вакцинанын үстүнөн "AstraZeneca" деген швециялык-британиялык компания жана Оксфорд университетинин окумуштуулары иштешкен. "The Lancet" медициналык журналында жарык көргөн макаланын автору Эндрю Полларддын айтымында, каражат коронавирустун бул түрүнө иммунитетти пайда кыларын жана организмге олуттуу терс таасир этпей турганын көрсөттү.


Тесттин биринчи жыйынтыгы дээрлик эки айдан кийин чыгарылды. Вакцина кадимки шимпанзеде сасык тумоого алып келген вируска негизделген. Андан кийин ал генетикалык жактан өзгөртүлгөн (модификацияланган). Бир доза дары сайылгандан кийинки бир айда адамдардын 91 пайызында жана эки доза алгандардын бардыгында вакцина организмди коронавирусту нейтралдаштырган антитела иштеп чыгууга түртөрү байкалган.


Окумуштуулардын тобу вакцина көп убакытка илдеттен коргойт деп үмүттөнүшөт, бирок анын натыйжалуулугун бышыкташ үчүн дагы сыноолор жүргүзүлүүгө тийиш.


Ушу тапта компания клиникалык изилдөөнүн үчүнчү баскычына өттү. Башкача айтканда эми вакцина ондогон ыктыярчыга сайылып, узагырак убакыт байкоо салынып турат.


Медицина тармагындагы эксперттер вакцинасыз дүйнөлүк алкакта 600 миңден көп кишинин өмүрүн алып кеткен коронавирусту токтотуу мүмкүн эмес деп эскертип келатышат.


Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, бери дегенде 23 каражат адамдарга карата текшерилүүдө. Жалпысынан дүйнө боюнча илимпоз адистер 100дөн ашуун ыктымал вакцинанын үстүнөн иштеп жатышат.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus