Тажикстанда өскөн Дарья Кащееванын «Кызым» мультфильми «Оскар» сыйлыгынын «Kыска метраждуу анимациялык фильм» категориясына көрсөтүлдү. Ал тажик жергесинде туулуп, төрт жашында Душанбеден Орусияга ата-энеси менен көчүп кеткен. Дарья «Кызым» мультфильминде өзүнүн балалыгын жана үй-бүлөнүн баалуулуктарын чагылдырган.