Иран: кармалган британиялык кемедеги 23 кишинин баары эсен-соо
Лондон Ирандын кылганын “кастык аракет” катары сыпаттап, Тегерандын түшүндүрмөсүн четке какты.
Ирандын Ислам Революциосынын сакчылары корпусу 20-июлда видео жарыялаган. Анда мунай ташуучу танкерди бир нече ылдам жүрүүчү кемелер курчап, анын үстүнө вертолеттон бет капчан кишилер жип менен сүдүрүлүп түшүп жатканын көрүүгө болот.
Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф британиялык кесиптеши Жереми Хант менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Анда “эл аралык мыйзамды бузду” делген танкер мыйзам талап кылган жараяндардан өткөн соң гана кое берилерин айткан.
Ирандын Ормуз кысыгындагы акыркы аракеттери Тегеран менен Батыштын мамилесинин кескин начарлашына алып келген. Дүйнөдөгү өндүрүлгөн мунайдын бештен бири Ормуз кысыгы аркылуу өтөт.